БАНДУНГ
БАНДУ́НГ НГ – Индонезиядагы шаар. Ява аралында жайгашкан. Батыш Ява провинциясынын адм. борбору. Калкы 3,0 млн (2019, агломерациясында 5,5 млн). Калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4-шаар. Ява а-нын батышында деӊиз деӊг. 700 м бийиктикте жайгашкан тоо курорту. Жакарта ш-нан 100 км түш.-чыгышта. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, хинин чыгаруучу, электр-тех., резина-тех., консерва, металл иштетүү ж-а машина куруу ишканалары, авиация з-ддору иштейт. Пастер, тех. ин-ттары, менчик ЖОЖдор (ислам ж-а католик ж. б. ун-ттери), сүрөт өнөр ж-а геология музейлери, Лембанг (Босха) обсерваториясы, ил.-из. ин-ттары (а. и. ядро энергетика борбору) бар. Өлкөнүн ири соода ж-а өнөр жай борбору. Туризм өнүккөн. 1955-ж. Б-да Азия ж-а Африка өлкөлөрү конф-я өтүп, тынчтыкта жанаша жашоонун беш принциби кабыл алынган. 1810-ж. негизделген.