БАКАЕВ Анарбек Курамаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 28 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЕВ Анарбек Курамаевич (27. 04. 1950, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Кемин району, Ак-Түз шаарчасы – 07.01.1998, Бишкек) – генерал-лейтенант (1995). Философия илимдеринин кандидаты. 1972-жылы Казак мамлекеттик университетин бүткөн. 1972–1974-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун философия кафедрасында окутуучу, 1977–1981-жылдарда Кыргыз ССР

Илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүрүп, Философия жана укук институтунда илимий кызмат­кер, окумуштуу–секретарь, 1981–1985-жылдарда Кыргызстан КП Фрун­зе шааркомунда инструк­тор, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы, 1985–1988-жылдарда Кыргызстан КП БКнын аппаратында инспек­тор, бөлүм башчысынын 1-орун басары, 1988–1991-жылдарда КПСС БКнын (Москва) аппаратында эмгектенген. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министри, 1991–1995-жылдарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы, 1995–1996-жылдарда КРдин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, 1996–1997-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министри бо­луп иштеген. Даңк медалы менен сыйланган.