«БИШКЕКСҮТ»
«БИШКЕКСҮТ» – ачык акционердик коом (2000). 1992-жылы Фрунзе сүт комбинатынын базасында уюшулган. Кыргызстанда сүт өндүрүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ири ишкана 1991-жыл ишке киргизилген. Нөөмөтүнө 200 т сүт иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. 2000-жылы «Вимм-Билль-Дан-Продукты питания» Россия компаниясы акцияларынын контролдук пакетин сатып алган. 2002-жыл заводдун бир цехинде стерилденген сүт өндүрүү линиясы орнотулган. Анда саатына 8 т стерилденген сүт чыгарылат. Заводдун продукциялары башка өлкөлөргө (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) экспорттолот.