БАНТУСТАНДАР
БАНТУСТАНДАР, х о у м л е н д д е р – 1951–94-ж. Түш.- Африка Респ-нын (ТАР) бийликтери тарабынан жерг. африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери б-ча түзүлгөн мамл. бирикмелер. Бантулардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү б-ча 1959-ж-дагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн. Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар – Транскей, (1976), Бопутатсвана, (1977), Венда (1979) ж-а Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демокр. конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек ж-а гимнге ээ болуу м-н гана чектелген. Саясий ж-а экон. жактан толугу м-н ТАРдын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-ж-да Б-да ич ара чатактар, төӊкөрүштөр токтобой койгон. 1992-ж. Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демокр. шайлоолордон кийин жоюлган.