БАПАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 4 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАПАКОВ Жолаалы (1890, Чүй облусу, Кемин району, Карал-Дөбө айылы – 1918, Бишкек) – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн. 1914-ж. Токмоктогу орус-жергиликтүү мектебин бүтүрүп, Верный (Алматы) гимназиясынын даярдоо курсуна кирген. 1916-жылы Үркүндө Турпанга барып, кайра келген. 1917-жылы Пишпекте уюшулган «Букара» союзуна мүчө болгон. Пишпекте Совет бийлигин орнотууга катышкан. Пишпек солдат жана жумушчу депутаттарынын уезддик Советинин 1-съездинде Советтин секретарлыгына шайланган. 1918-жылы коммунисттик баштапкы уюмдарды түзүүгө катышкан. 1918-ж. декабрда эсерлер колдуу болуп өлгөн.