БАРАБАРСЫЗДЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 4 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАБАРСЫЗДЫК – каалагандай эки а1 жана а2 сандарын төмөнкү белгилердин: < (кичине), 􀀉􀀁(кичине же барабар), >(чоӊ), 􀀌 (чоӊ же барабар), 􀀎 (барабар эмес) бирөө менен гана байланыштыруучу катыш, б. а. а1<а2, а1􀀉а2, а1>а2, а1􀀌а2, а1􀀎а2. Кээде бир нече Барабарсыздык бирге жазылат, мисалы, а<b<c. Эгер Барабарсыздыктын эки жагына теӊ бир эле санды кошсок (же кемитсек), ал өзгөрүүсүз калат. Ушул сыяктуу эле Барабарсыздыктын эки жагын теӊ бир эле оӊ санга көбөйтүүдөн ал өзгөрбөйт. Бирок Барабарсыздыктын эки жагын теӊ терс санга көбөйтсө, анын белгиси карама-каршысына өзгөрөт (б. а. < белгиси >белги м-н, ал эми > белгиси < белгиси м-н алмаштырылат). A < B ж-а C<D дан A + C < B +D ж-а A – D< B– C Барабарсыздыктары келип чыгат, б. а. бир маанилеш Барабарсыздыктарды (A < B ж-а C<D) мүчөлөп кошууга, ал эми түрдүү маанидегилерди (A < B ж-а D > C) мүчөлөп кемитүүгө болот. Эгер A, B, C ж-а D оӊ сандары берилсе, анда A < B ж-а C<D Барабарсыздыктарынан AC < BD ж-а A B D C 􀀂 Барабарсыздыктары келип чыгат.