БАРАБИНДИКТЕР
БАРАБИНДИКТЕР (өздөрүн бараба деп аташат) – Россиядагы түрк эли, сибирь татарларынын курамындагы этностук топ. Мусулман-сунниттер. 1926-жылдагы эл каттоо боюнча саны 7528 адам болсо, кийинки каттоолордо эсептелбей калган. Учурда алардын саны 8 миңге чейин жетет (2010). Барабиндиктер волга-урал (татар ж-а башкыр тили) жана казак-алтай тилинде сүйлөшөт. 17-кылымдын башында Барабиндиктер жашаган аймактарга орустар, кийин татарлар европалык Россиядан көчүп келип отурукташкан. 18-кылымдын аягында татар тили, ислам дини жергиликтүү элдердин арасына кеӊири таралган. Бирок Барабиндиктердин бир бөлүгү исламга чейинки өздөрүнүн үрп-адат, салттарын, ишенимин көпкө чейин сакташкан. Барабиндиктер мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Тамак-ашы – негизинен эт жана ун азыктары. Суусундукка сүт жана кымыз ичишет. Барабиндиктердин маданияты батыш сибирь татарларына жакын.