БАРАК
БАРАК – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандын аймагындагы анклавы, кыштак. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округуна караштуу. Мамлекеттик чек арадан (Ак-Таш айыл округунун чегинен) 10 км түндүк тарапта, деӊиз деӊгээлинен 600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 14 км. СССРдин учурундагы эки республиканын чарбалык мамилелеринин негизинде пайда болгон. Калкы 629дан ашык (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Аянты 220 га, анын 48 гасын кыштак, 178 гасын сугат жерлер ээлейт. Мектеп, медициналык пункт, клуб, почта, соода түйүндөрү бар.