БАРАӉ
БАРАӉ, ч о т а л а – огу, дарысы оозунан дүрмөттөлчү, калыӊ, узун найлуу, шыйрактуу, сайлуу ж-а сайсыз милте м-н от коюп атылчу мылтык. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» м-н байланышып, ал адегенде Түн. Африкага, кийин Алдыӊкы Азияга, о. эле О. Азияга (өзбектерде – фаранги милтик, кыргыздарда Б.) таралып, жоокерчиликте ж-а мергенчиликте пайдаланылган. Б-ды кыргыз даркандары колдо жасай алышкан. «Манас» эпосунда Б. «ак бараӊ», «сыр бараӊ» түрүндө да сыпатталат. Азыркы учурда Б. музейлерде гана кездешет.