БАРГУЖИНТОКУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРГУЖИНТОКУМ – байыркы ж-а о. кылымдардагы кыргыздар жашаган тарыхый-этногр. аймак. Баргу – учурда Монголия аймагындагы топонимикалык аталыш катары да белгилүү. 13-к-да Рашид ад-Дин: «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер мамлекеттин (Кыргыздар мамлекети) курамына кирет... Кэм-Кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары монгол тилинде сүйлөшөт»,– деп белгилеген. Фарсы автору Иранда баргулардан чыккан белгилүү мамл. ишмерлер болгондугун жазат: «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга д-нын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужинтокум деп аталат». Баргулар түрк тилинде сүйлөшкөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын мансап наамдары айгинелеп турат. Кыргыз өлкөсү жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Енисейдин чыгыш тарабына жайгашкан жерлер монголдордо 12–13-к-дарда Б. деген ат м-н белгилүү болгон. Баргуттар Чынгыз ханга ж-а анын мураскорлоруна кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар башкаруучуларын инал деп аташкан, теги кыргыз болгон. Учурда Бурятияда Баргузин аталган адм.-айм. бирдик бар.
О. Каратаев.