КОРТРЕЙК
КО́РТРЕЙК , К у р т р е – Бельгиядагы шаар. Фландрия регионунда, Батыш Фландрия провинциясында. Лейе дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калкы 77,1 миң (2020; 3%ке жакыны чет өлкөлүктөр, агломерациясында 250 миң). Эл аралык аэропорту бар. Рим тургун-жайынын ордунда негизделип, 1190-жылдан шаар. Шаардын башкы аянтындагы анча чоң эмес 5 мунаралуу вече коңгуроосу ж-а Ыйык Матвей саат мунарасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ратуша, чиркөөлөр, Синт-Элизабет бегинажы (христиан жетим балдар, жесир аялдар үчүн кечилкана сымал жай) ж. б.

Синт-Элизабет бегинажы сакталган. Текстиль, химия, кагаз, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, тор токуу) өнүккөн. Католик университетинин кампусу, музейлер, театр бар. Дизайнерлердин эл аралык конкурстары өткөрүлүп турат.