БАРДЕӉКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРДЕӉКЕ, б е р д а н к а – мылтыктын бир түрү. Адегенде америкалык полковник Х. Бердан тарабынан иштелип чыгып, 19-кылымдын 60-жылдарында орус инженерлери А. П. Горлов жана К. И. Гуниус бир кыйла өркүндөтүшүп, АКШда ал «орус мылтыгы» деген ат менен белгилүү болгон. Бардеңке милтелүү мылтыкка караганда атууга ийкемдүү, бир атар мылтык. Орус армиясынын аскерлери 1868–91-жылдары куралданган. Кийин кыргыз элине да кеӊири тарап, аӊчылыкка ж. б-га колдонушкан. Учурда Бардеңкени музейден гана кездештиребиз.