БАРИОН ЗАРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:58, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИО́Н ЗАРЯДЫ, б а р и о н с а н ы – элементардык бөлүкчөлөрдүн ички мүнөздөмөлөрүнүн бири. Бариондор үчүн Барион заряды бирге, антибариондор үчүн минус бирге барабар. Бөлүкчөлөр системасынын Барион заряды барион менен антибарион сандарынын ортосундагы айырмага, ал эми атом ядросунуку анын массалык санына барабар.