КОСТА-РИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 4 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СТА-РИ́КА , К о с т а - Р и к а Р е с п у б л и­к а с ы – Борбордук Американын түштүк бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүк-чыгышынан Кариб деңизи, ба­тышы м-н түштүгүнөн Тынч океан м-н чулга­нат (деңиздик чек арасынын узундугу 1290 км).

Түндүгүнөн Никарагуа, түштүк-чыгышынан Пана­ма м-н чектешет (кургактыктагы чек арасынын жалпы узундугу 639 км). Коста-Рикага Тынч океандагы Кокос аралы да таандык. Аянты 51,1 миң км2. Калкы 5204,4 миң (2022). Борбору – Сан-Хосе. Рас­мий тили – испан тили. Акча бирдиги – коста­рика колону. Административдик-аймактык жактан 7 провинция­га, алар өз ичинен 68 кантонго бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

Коста-Рика – БУУга (1945), ЭВФке (1946), Эл ара­лык өнүгүү ж-а реконструкция банкына (1946), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1948), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Коста-Рика – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы 7-ноябрда ка­был алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – пре­зидент, 4 жылга (кайра шайланууга укуксуз) шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогор­ку органы – бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея), 57 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин министр­лер кабинетинин жардамы м-н президент жүзөгө ашырып, министрлерди дайындайт. Коста-Рикада көп партиялуу система орун алган. Саясий пар­тиялары – Улуттук боштондук партиясы, Жа­рандык аракет партиясы, Боштондук кыймыл партиясы, Социал-христиандык биримдик пар­тиясы.

Табияты. Кариб деңизинин жээги түздүктүү, айрым жерлери өтө саздашкан, мангр токою м-н курчалган; Тынч океандын жээги өтө тил­меленген (жарым арал, булуңдуу), абразия-бух­талуу. Материктен түштүк-батыш тарапта жанар­тоонун атылуусунан пайда болгон Кокос аралы жай­гашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн тоолуу ре­льеф ээлейт. Борбордук бөлүгүндө түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай жанартоолуу Кордильера­де-Гуанакасте (жанартоолору: Миравальес, би­йиктиги 2028 м; Ринков-де-ла-Вьеха, 1806 м; 1968-жылдан бери тынымсыз аракеттеги – Ареналь жанартоосу, 1633 м), Борбордук Кордильера (жанар­тоолору: Ирасу, бийиктиги 3432 м; Турриальба, 3328 м; Барба, 2906 м; Поас, 2704 м ж. б.) кыр­ка тоолору созулуп жатат. Борбордук Кордильера­нын түштүк-батышында жанартоодон пайда бол­гон, 900–1200 м бийиктикте жайгашкан Борбордук плато – өлкөнүн эң өздөштүрүлгөн ж-а калк жыш отурукташкан району. Түштүк бөлүгүндө жайгашкан, өтө тилмеленген Кордильера-де-Та­ламанка кырка тоосунун бийиктиги 3819 м (Чир­рипо-Гранде чокусу – өлкөнүн эң бийик жери).
Өтө катуу жер титирөө болуп турат; түштүк-ба-

Ареналь жанартоосу.

тыш жээги цунаминин таасирине чалдыгат. Эң маанилүү кен байлыгы – алтын (Бельявиста ж. б. кендери); ошондой эле күмүш, аллюминий, жез, коргошун, цинк, марганец, хром ж. б. кендери бар. Цементтик акиташ тегинин, карапалык чо­понун, диатомиттин, табигый курулуш мате­риалдарынын өнөр жайлык мааниси бар.
Коста-Рика субэкватор климат алкагында жайгаш­кан. Түндүк-чыгыш ж-а түштүк-батыш аймактары­нын климаты өтө нымдуу (жылдык жаан-ча­чыны 3000–4000 мм). Жыл бою мол жаайт, ян­варь–мартта бир аз азайып (айына 50–100 мм), сентябрь–октябрда көп (айына 600 ммден ашык) жаайт. Айлык орточо температурасы 23°Сден 26°Сге че­йин (Лимон). Түндүк-батыш бөлүгүндө жаан-чачын кыйла аз (жылына 1000–1500 мм) жаайт; кур­гакчыл сезон даана байкалат (декабрь – апрель), айлык орточо температурасы 26,5°Сден 28,5°Сге чейин (Пунтаренас). Тоолордо жаан-чачындын өлчөмү каптал экспозициясына байланыштуу, батыш ылымта капталдарына ж-а тоо аралык өрөөн­дөргө аз жаайт; абанын темп-расы бийиктеген сайын төмөндөйт; 1000 м бийиктикте орточо температу­ра 21–23°С (Сан-Хосе), бийик тоолордо абанын орточо температурасы 10°Сден ашпайт. Дарыя тарма­гы жыш; Кариб деңизинин алабына кирген да­рыялардын (Сан-Хуан, Парисмина, Матина ж. б.) суусу жыл бою мол, ал эми Тынч океан­дын алабындагы дарыяларга (Темписке, Рио- Гранде-де-Тарколес, Рио-Гранде-де-Терраба) агы­мынын сезон боюнча өзгөрүүсү ж-а жайында суу­нун кирүүсү мүнөздүү. Дарыялары босоголуу, басымдуу бөлүгүндө кеме каттабайт, гидроэнер­гетика ресурстарына бай. Жыл сайын калыбы­на келүүчү суу ресурстары 112 км3ди түзөт; өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 26,4 миң м3 суу туура келет.
Кариб бою түздүгүнүн басымдуу бөлүгүнө ж-а тоолордун айдарым капталдарына кызыл-сары ферралит, өлкөнүн түндүк-батышына кызыл фер­ралит, айрым жерлерине күңүрт-кызыл ферра­лит топурактары мүнөздүү. Түздүктөрдө күңүрт түстүү слитозём, саз ж-а аллювий, жээктерде марш топурактары өөрчүгөн. Борбордук платодо күрдүү жанартоо топурактары тараган. Өлкөнүн экологиялык негизги проблемаларынын бири – активдүү эрозиядан кыртыштын тилмеленүүсү. Өлкөнүн аймагынын чакандыгына карабай анын биологиялык ж-а ландшафттык ар түрдүүлүгү өтө жогору. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 11 миң түрү бар, анын 950 түрү – эндемиктер, 450дөн ашык түрү жоголуу алдында турат. То­кой өлкөнүн аймагынын 46,8% аянтын ээлейт, бирок 20-кылымдын ортосунда эле токойлуулук 85%ке жеткен. 1990-жылдардын ортосуна че­йин Коста-Рика токойсуздануу боюнча Латын Америка­сында өтө жогору, дүйнөдө эң жогору өлкөлөрдүн бири болгон; 2000-жылдардын башталышынан токойсуздануу кыйла басаңдаган, сакталып калган токой массивдери коргоого алынган. Кариб бою ойдуңунда ж-а тоолордун чыгыш капталдарында (600–800 м бийиктикке чейин) нымдуу дайыма жашыл тропик токою тарал­ган, ал бийик ж-а көп ярустуу келип, баалуу дарактарга бай, токой астында түрдүү пальма, эпифиттер жыш өсөт. Ал каптал өйдө дарак сымал папоротниктүү «туман токою» м-н алма­шат. 2000–2300 м бийиктиктен жогору эмендин эндемиялык түрлөрүнөн турган токой таралган. Эң бийик чокуларын бийик тоо шалбаасы – парамо ээлейт. Коста-Риканын түндүк-батыш бөлүгүнө ж-а батыш ылымта капталдарына сезондук­ нымдуу ж-а кургакчыл тропиктик токой мүнөз­дүү; азыр алардын басымдуу бөлүгү экинчи жол­ку саванна, айыл чарба жерлери м-н алмашкан. Борбордук платодо маданий өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Сүт эмүүчүлөрдүн 230дан ашык (13 түрү жоголуу алдында), канаттуулардын 830дан ашык түрү белгилүү (18 түрү жоголуу алдында). Сойлоочу­лары м-н жерде-сууда жашоочулары да ар түр­дүүлүгү ж-а жогорку эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Токойлордо жоголуу алдында турган ж-а мам­лекет тарабынан коргоого алынган, Борбордук Аме­рикага мүнөздүү мышык сымалдардын (оцелот, пума, онцилла, ягуар, америка мадылы) түрлө­рү, тапир, алп кумурскачы ж. б. кездешет. Жээк­терде сейрек кездешүүчү деңиз таш бакасынын жатактары, деңиз куштарынын ири топтору


коргоого алынган. Жээк сууларынын биологиялык ар түрдүүлүгү (деңиз балыгынын 700дөн ашык, де­ңиз сүт эмүүчүлөрүнүн 200дөн ашык түрү) өтө жогору.
Өлкөнүн аймагынын 1/4 бөлүгүн ээлеген улут­тук табият парктары уюшулган. Коргоого алын­ган аймактардын саны ж-а статусу боюнча Коста-Рика Борбордук Америка өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунда.
Ла-Сельва биологиялык станциясы – тропиктик экосис­теманы изилдөөчү дүйнөдө ири борборлордун бири. Ири Ла-Амистад улуттук паркында (ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына кирги­зилген) Борбордук Америкадагы жергиликтүү тропиктик то­койдун эң ири массиви корголот. Сарино-Балье-

Кокос аралы.

на ж-а Исла-дель-Коко деңиз коруктары, бийик тоолуу Чиррипо улуттук паркы, Монтоверде тро­пиктик жамгыр токою коругу белгилүү. Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине Кокос аралы улуттук паркы, коргоого алынган Гуанакасте аймагы, Таламанка Рейнж ж-а Ла-Амистад ре­зерваттар тобу (Коста-Рика, Панама) киргизилген.

Калкы. Коста-рикалыктардын көбүн (78,7%ин) актар (креолдор) түзөт. Чибча индейлери неги­зинен өлкөнүн түштүгүндө жашап, 1,7%ти, ме­тистер 9,7%ти, Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнөн келгендер 6,8%ти, Весть-Индия­лык негрлер (ямайкалыктар) 1,3%ти, кытай­лар 0,8%ти түзөт, ошондой эле америкалыктар, баск­тар, англис, араб, еврей улуттары да жашайт. 20-кылымдын ортосунан баштап Коста-Риканын калкынын саны 6 эсе өскөн (1950-жылы 800,8 миңден 2000-жылы 3810,2 миңге чейин). Региондун жалпы өлкөлө­рүндөгүдөй эле Коста-Рикада төрөлүүнүн төмөндөшүнөн (2008-жылы 1000 адамга 17,4 бала) ж-а өлүм-жи­тим деңгээлинин туруктуулугунан (1000 тургунга 4,3 адам – Латын Америкасындагы эң төмөнкү көрсөткүч) калктын табигый өсүүсүнүн темпи басаңдоодо (1,34%). Калкынын орточо курагы 27,1 жаш. Эмгекке жарамдуу калкы (15–64 жаш) 66,8%, балдар (15 жашка чейинкилер) 27,2%, 65 жаштан ашкандар 6,0% (2008). Кал­кынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 77,4 жаш, эркектериники 74,8, аялдарыныкы 80,1 (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 102 эркек туура келет. Коста-Рика жашоого ыңгайлуу өлкө болгон­дуктан, коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттар көп (миграция сальдосу 10 миң тургунга 4,8 адам, 2008; өлкөнүн калкынын табигый өсүү-сүнүн 1/3 и да мигранттардын эсебинен түзүлөт. Расмий маалымат боюнча Коста-Риканын калкынын 7,8%и иммигранттар ж-а алардын тукумдары (2000; 1950-жылы 4,5% болгон), никарагуалыктар 5,9%, панамалыктар 0,3%, америкалыктар (АКШ) 0,3%, сальвадорлуктар 0,2%, колумбия­лыктар 0,2%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 89,1 адам туура келет (2008). Калк өлкө­нүн аймагы боюнча бир кылка отурукташкан эмес. Анын 3/5 ү Борбордук платодо, ошондой эле Никоя булуңу­нун ж-а Кариб деңизинин жээктеринде да калк жыш жайгашкан; бул аймактарда калктын жыштыгы адатта 1 км2 жерде 100 адамдан ашып кетет. Тынч океан жээгинде калктын орточо жыш­тыгы 1 км2 жерге 30–50 адам. Калк эң сейрек (1 км2 жерге 1 адамдан аз) отурукташкан ай­мактары – Кариб деңизинин жээгиндеги ж-а Сан-Хуан дарыясынын алабындагы саздуу түздүктөр, бийик тоолуу аймактар, Оса жарым аралы. Шаар калкы 59% (2007). Эң ири шаары – Сан-Хосе (калкы 343,5 миң, шаар агломерациясында 1666,6 миң; 2008); башка ири шаарлары: Сан-Франсиско (Сан-Хосе агломерациясынын курамында, калкы 66,4 миң), Лимон (65,8 миң), Либерия (52,4 миң). Экономикалык активдүү калкы 2018, миң (өлкөнүн калкынын 45,4%и, 2007). Калктын 75%ке жакыны католиктер, 13%ин протестант­тар, 3%ин башка диндегилер, 9%ке жакыны динди тутушпайт.

Тарыхы. Коста-Риканын азыркы аймагына негизи­нен чибча индейлери 16-кылымдын башында отурук­ташкан. 1573-жылы аларды испандар басып алып, көбүн кырган. 1560-жылы Коста-Рика Гватемала генерал-капитандыгынын курамына кирген. 1821-жылы Ла­тын Америкасындагы көз каранды эместик үчүн согуш мезгилинде Гватемала генерал-капитан­дыгына көз каранды эместиги жарыяланган. Коста-Рика 1822-жылы А. де Итурбиде Мексика империя­сынын, 1823-жылы Борбордук Америка бириккен про­винциясынын курамына (өз өкмөтүн ж-а авто­номиясын сактап калган) кирип, борбору Сан- Хосе шаары болуп калган. 1820-жылдары Коста-Рикада либералдык ж-а консервативдик саясий топтор калыптанган. 1820–30-жылдары негизинен ли­бералдык топтун өкүлдөрү прогрессивдүү кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашырган. Губернатор Х. Море Фернандестин башкаруу мезгилинде (1824–33) Коста-Риканын алгачкы конституциясы кабыл алын­ган (1825). Билим берүү системасы жакшырып, жолдор салына баштаган. 1838-жылы Коста-Рика Борбордук Америка бириккен провинциясынын курамы­нан чыккан. 1848-жылы 30-августта өлкө конгрес­си Коста-Рика Республикасынын эгемендүүлүгү ж-а көз каран­ды эместиги жөнүндө декларация кабыл алып, мам­лекеттин желеги м-н гимнин бекиткен. 1856–60-жылдарда Коста-Рика региондогу башка мамлекеттер м-н бирге америкалык жаран У. Уокер жетектеген флибус­тьерлердин Борбордук Американы каратып алуу ара­кеттерине каршы күрөшкөн. 1850-жылдардын аягында Коста-Риканын экономикасы өтө тез темп м-н жогорулай баштаган. 19-кылымдын аягында бор­борду Кариб ж-а Тынч океан жээктериндеги өлкөлөр, ошондой эле порттор м-н бириктирүүчү темир жол бутактары салынып, өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капитал кире баштаган (негизинен түндүк америкалык). Президент Р. де Х. Хименес Ореа­мунонун учурунда (1910–14) салык киргизилип, (андан түшкөн акчалар билим берүүнүн өнүгү­шүнө жумшалган), армиянын саны 1 миң ки­шиге кыскарган. 20-кылымдын башында жаңы саясий партиялар ж-а уюмдар пайда болгон. 1901-жылы Улуттук-республикалык партия негизделип,ири буржуазиянын, плантаторлордун ж-а улуттук интеллигенциялардын кызыкчылыктарын көз­дөгөн. 1920-жылдары алгачкы коммунисттик топтор калыптанып, 1931-жылы Коммунисттик партия (1943-жылдан Элдик авангард партия­сы) түзүлгөн. 1940-жылы Улуттук-республикалык партиянын лидери – Р. А. Кальдерон Гуардия өлкөнүн президентти­гине шайланып, 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде СССР м-н дипломатиялык мамилелерди түзгөн (1944). 1941-жылы Коста-рикалык социалдык камсыздан­дыруу палатасы түзүлүп, 1943-жылы Эмгек кодек­си кабыл алынган. Коста-Рика коомунун кон­сервативдик күчтөрү Р. А. Кальдерондун жүргүз­гөн саясатына каршы чыгышкан. Натыйжада Улуттук-боштондук партиясынын (УБП) лиде­ри Х. Фигерес Феррер куралдуу төңкөрүш жа­сап, 1948-жылы 8-майда бийликти басып алган. Анын Убактылуу өкмөтү аялдарга ж-а 18ге чыккан жарандарга шайлоого катышууга укук берүү, өлкөнүн аскер күчтөрүн кыскартуу ж. б. өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жаңы Конституция­нын долбоорун даярдаган. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин (1949), Улате-и-Блан­ко президенттикке шайланып, Фигерес Феррер Убактылуу өкмөттүн башчысы кызматынан кеткен. 1953-жылы Фигерес Феррер кайрадан пре­зиденттикке шайланып, 1950–60-жылдары АКШ ж-а социалисттик (Венгрия, Румыния, Чехослова­кия, Польша, Германия Демократиялык Республикасы ж. б.) мамлекеттер м-н дипломатиялык, соода-экономикалык ж-а мада­ний байланыштарды түзө баштаган. Фигерес Феррер өлкөдөгү чет элдик темир жол компанияла­рын мамлекеттештирип, АКШ нефть тресттери­нин чалгындоолоруна тыюу салган. 1978-жылы консервативдик коалициянын өкүлү Р. Карасо Одио президенттикке шайланган. Анын бийликке келиши м-н өлкөдө экономикалык кри­зис, Борбордук Америкага кофе сатуудан түшкөн киреше төмөндөп, нефтинин дүйнөлүк баасы өскөндүк­төн улам региондо саясий туруксуздук байкал­ган. 1982-жылдары президент Л. А. Монхе Аль­варестин мезгилинде Коста-Рика өкмөтү АКШ м-н экономикалык байланыштарды түзгөн. 1986-жылы прези­денттикке шайланган О. Ариас Санчес Ника­рагуа ж-а Сальвадордогу ички чыр-чатактар­ды тынчтык жол м-н жөнгө салууга, демократиялык кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга аракеттенген. 2006-жылы О. Ариас Санчес кайрадан өлкө прези­денттигине шайланган. 2007-жылы анын өкмөтү со­циалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик планын кабыл алып, адам эркиндигин ж-а укуктарын коргоо­го багытталган ж. б. иш-чараларды жүргүзөрүн билгизди.

Чарбасы. Коста-Рика – Латын Америкасындагы ту­руктуу ж-а социалдык жактан ийгиликтүү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин кө­лөмү 49,73 млрд доллар (2008), аны киши ба­шына бөлүштүргөндө 11,9 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси жогору (0,846) өлкөлөрдүн катарына кирет (2005; дүй­нөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 46-орунда, Латын Америкасында Барбадос, Аргентина, Чили, Уругвайдан кийинки 5-орунда). 1980-жылдарга чейин Коста-Риканын чарбасы мурдатан салт болуп калган айыл чарба продукциясын (кофе, банан, кант) өндүрүп ж-а экспорттоп келген. 1980-жылдар­дын башталышынан экономиканы либералдаш­тыруу, эркин экономикалык зоналарды түзүү (ЭЭЗ), өнөр жай өндүрүшүн диверсификациялоо, агрардык, экспорттун структурасын кеңейтүүгө багыт алган. Коста-Риканын ички стабилдүүлүгү, өлкөнүн Түндүк ж-а Түштүк Аме­риканын аралыгында жайгашкан абалы, ЭЭЗдин иштөөсүнө ыңгайлуу шарты, билимдүү, ан­глис тилин билген эмгек ресурстарынын арбын­дыгы чет элдик инвестициянын арбын түшүүсүнө (2006-жылы 1469 млн доллар) өбөлгө түздү. Коста-Рика капиталдык салымдын басымдуу бөлүгүн иш­теп чыгаруучу өнөр жайына түз (1996–2005-жайына орто эсеп м-н 68%, Мексикада 48%, Бразилияда 28%) жумшаган: негизинен электрондук татаал тех­нологиялык өндүрүштүн продукциялары, медициналык аспаптар. Капиталдык салымдын азыраак бөлүгү тейлөө чөйрөсүнүн (туризм, кыймылсыз мүлк операция­сы, маалымат технологиясы) өнүгүүсүнө багыт­талат. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрө­сүнүн үлүшү 61,8%, өнөр жайыныкы 29,4%, айыл чарбаныкы 8,8% (2006). Мамлекеттик сектор (энергетика, нефть иштетүү, байланыш, порт башкармалыгы) ИДПнин 10%тен азын гана камсыз кылат.
Өнөр жайында иштеп чыгуучу тармактын мааниси зор; машина куруу, металл иштетүү, жеңил, хи­мия, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай тар­мактары да өнүккөн. Отунга болгон муктаж­дыкты дээрлик импорт канааттандырат. Бир аз алтын казып алынат (2005-жылы 3007 кг); кенташ эмес кендери да бар. 2005-жылы 8,35 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 7,77 млрды ички керектөөгө жумшалат. Электр энергиясы­нын 80%ке жакыны ГЭСтен өндүрүлөт (анык­талган жалпы кубаттуулугу 2,1 миң МВт). Хе­нераль дарыясында эң ири ГЭС каскады курулган (ку­баттуулугу 600 МВт). Лимон шаарында өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу завод (кубаттуулугу 25 миң барель/сутка) ж-а анын жанында жал­гыз ЖЭС жайгашкан. Венесуэладан алган им­порттуку нефть (2,18 млн т ). Келечекте, 2021- жылдан углеводородду колдонуудан толук алып салуу каралган. Иштеп чыгаруу өнөр жайында 3 өндү­рүштүк топ иштейт. Алардын ичинен эң маа­нилүүсү – ЭЭЗдин чегинде чет өлкөлүк инвес­торлор курган ишканалар болуп саналат. ЭЭЗден сырткаркы режимде иштеген ишканалар адатта улуттук жеке капиталга баш ийип, сырт­кы ж-а ички рынокко продукция (негизинен резина, пластмассадан жасалган буюмдарды, металл буюмдарын, ошондой эле тамак-аш ж-а жы­гач иштетүү продукцияларын) чыгарат. Салт­тык товарларды (банан, кофе, кант) өндүрүү ж-а экспорттоо чэйрөсүндө чет элдик ж-а улут­тук жеке капиталдуу ишканалар иштейт. ЭЭЗде экспорттук продукциянын 52,4%и өндүрүлөт (2007); электрондук продукциянын 90%и, медициналык продукциянын 99%тен ашыгы, зер буюмдардын 79%тейи, текстиль, бут кийим, булгаары буюм­дардын 55%тен ашыгы, тамак-аш өнөр жай про­дукцияларынын 45%ке жакыны, химиялык товар­лардын 35%и. 2006-жылы татаал технологиялык элект­рондук продукцияларды (микропроцессор ж-а микросхема, программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүү) чыгаруучу өндүрүш­төрдө чет өлкөлүк 51 компания, медициналык жабдуу­ларды чыгарууда 22 компания иштеген. Өзүнүн токой ресурстарынын базасында фанера, пли­та, ширеңке, эмерек, картон идиштерин ж. б. чыгарат. Цемент өнөр жайы ички рынокту камсыз кылууга багытталган. Жеңил өнөр жайында салт бо­луп калган кебез-кездеме, жибек, синтез кезде­мелерин чыгаруу, тери иштетүү м-н бирге, жаңы тармактар – тигүү, трикотаж, бут кийим ишка­налары пайда болду. Тамак-аш өнөр жайы мөмө шире­син, концентраттарды, пюре, кант, бал камыш спиртин, пальма майын, ошондой эле кофе, күрүч, сүт ж-а этти кайра иштетүүгө адистешкен.
Көп тармактуу айыл чарбасынын өнүгүүсүнө өлкөнүн жагымдуу агроклиматтык ресурстары ыңгайлуу шарт түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 2,9 млн га, анын 2,34 млн гасы шалбаа ж-а жайыт, 0,23 млн га жери айдоо, 0,33 млн гасы көп жыл­дык өсүмдүктөр; сугат жери 110 миң га (2005).

Ананас плантациясы.

Башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк (айыл чарба продукция наркынын 69,3%и; 2006). Коста-Рика эзел­тен эле кофе, банан, бал камыш, какао, пахта ж-а тамеки өстүрүүгө адистешкен; 1980-жылдар­дан баштап экспорттук маанидеги агрардык продук­циянын ассортименти кыйла кеңейди. 2000- жылдардын ортосунан баштап агрардык экспорттун негизин банан (экспорт наркынын 35%и; экс­порттун көлөмү боюнча дүйнөдө 3-орунда), ананас (26%), кофе (13,6%), коон (4,4%), гүл (4,3%) түздү; ошондой эле манго, томат, пияз, кулпунай, апель­син, кокос жаңгагынын ж-а пальма майынын мааниси зор. Эзелтен мал чарбасы өнүккөн (ири чарбасы ранчо деп аталат), куш асыроо тез өнү­гүүдө. Агрардык продукциянын негизги кардарлары: АКШ (наркынын 42,5%и), Европа союзуна кир­ген (32%и; анын ичинде Нидерланд, Германия, Бель­гия, Улуу Британия, Италия) ж-а Борб. Аме­рикадагы (15% чамасында; Никарагуа, Гвате­мала, Гондурас, Сальвадор, Панама) өлкөлөр.
Өлкөнүн экономикасынын башкы тармакта­рынын бири – чет элдик туризм, 1990-жылдар­дан ылдам өнүгүүдө. 2005-жылы өлкөгө 1,7 млн чет элдиктер келген; туризмден түшкөн киреше 1,6 млрд долларды түздү. Саякатчыларды ж-а ту­ристтерди тейлөөсү Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку деңгээлде.
Өлкөдө экотуризмге зор маани берилет. Калып­танган туристтик инфраструктурасы (чакан мей­манканалар басымдуу) экологиялык туристтерди тейлөө­гө ыңгайлуу. Чет элдик туристтердин 60%ке чейинкиси улуттук парктарга же табият резер­ваттарына сөзсүз барат. 2000-жылдардан агро­туризм өнүгүүдө. Байланыш системасы өнүккөн; Интернетти 1,214 млн адам (өлкөнүн калкынын 28,9%и) пайдаланат.
Транспортунун негизги түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 35,3 миң км. Негизги автомагистралы – түндүктөн түштүктү карай кеткен Панамерика шоссесинин бир бөлүгү. Темир жолунун жалпы узундугу 700 кмдей (2007); ал бирдиктүү тармакты түзбөйт. Негизги ма­гистралы Кариб деңизинин жээгин Тынч океан м-н байланыштырат. Нефть продукт өткөргүчү­нүн (Лимон – Сикиррес – Турриальба – Эль-Аль­то – Эль-Гарита – Баранка) узундугу 242 км. Сырткы соода жүктөрүнүн басымдуу бөлүгүн деңиз ар­кылуу Коста-Рикага таандык бир гана кеме (жүргүнчү, жүктү кошо) ташыйт. Негизги порттору: Кариб деңизинин жээгинде – Лимон (сырткы соода жүгүнүн 90%тейи өтөт), Тынч океандын жээ­гинде – Кальдера. Эл аралык аэропорттору Сан-Хосе (Хуан-Сантамария) м-н Либерияда (Да­ниэль Одубер).
Товардык экспорттун наркы 9343 млн доллар, импорттуку 12 954,7 млн доллар (2007). Экспорт­тун 78%и даяр өнөр жай буюмдары (анын 50%тен ашыгы электрондук техника, 13%ке жакыны медициналык багыттагы продукциялар), 22%и агрардык про-

Коста-Риканын акчасы – колон.

дукция. Экспорттун басымдуу бөлүгү АКШга (наркынын 41%и; 2007), Борбордук Америкадагы ж-а Кариб деңизинин алабындагы (21%), Азия­дагы (21%, анын ичинде Кытай 12%тей) өлкөлөргө, Европа союзуна кирген өлкөлөргө (17%, анын ичинде Нидерландга 12%тен ашык, Улуу Британияга 6%тен ашык) жөнөтүлөт. Коста-Рика сырттан элект­рондук тетиктер м-н компоненттерди, нефть м-н нефть продуктуларын, металл буюмдарын, таңгактоо материалдарын (кагаз, картон), азык­-түлүктүн айрым түрлөрүн (анын ичинде дан эгиндерин –жүгөрү, буудай, чанактуулардан – төө буурчак, соя, мал чарба продукцияларын ж. б.) сатып алат. Негизги импортчулары: АКШ (импорт наркынын 41,2%и; 2006), Венесуэла (5,4%), Мексика (5,2%), Ирландия (5%), Япония (4,9%), Бразилия (4,3%), Кытай (4,1%).

Маданияты. Билим берүү мектепке чейинки, милдеттүү базалык жалпы (баштапкы жана орто) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Жогорку билимди мамлекеттик жогорку окуу жайлардан алышат. Илимий меке­мелери, башкы музейлери, китепканалары Сан- Хоседе. Күн сайын гезиттер чыгат, радиостан­циялар, 20дан ашык телестанциялар иштейт.
Адабияты испан тилинде өнүгүүдө. XVIII кылымда жана XIX кылымдын 1-жарымында адабият агартуучулук багытта өнүк­көн. XIX кылымдын 2-жарымында поэзия турмушту сүрөттөөгө көңүл бурса, XX кылымдын башында мо­дернизм (Р. Бренес Месен), реализм ( Х. Мерин Каньяс, Кармен Лир) өкүм сүргөн. XX кылымдын ортосунда поэзия социалдык нукта өнүксө (Х. М. Селедон жана башкалар), кийин адабиятта психологиялык ана­лизге көңүл бурулган. XX кылымдын аягы XXI кылымдын башындагы белгилүү акын-жазуучулар И. Ф. Азофейфа, Л. Пикадо, К. Наранью жана башкалар. Коста-Рика аймагында индей маданияты Мексика, Па­нама, Колумбия элдеринин маданияты эриш-аркак өнүккөн (рельефтүү таш алтарлар, адамдардын жана жаныбарлардын сөлөкөттөрү жана баштары, ар кыл формадагы карапа идиштер жана башкалар). Ко­лониялык мезгилдеги курулуштар (XVI–XVII кылымдар) кай­таланып туруучу жер титирөөлөрдөн жок бо­луп кеткен. Кудай эне чиркөөсүнүн урандыла­ры гана сакталып калган. Эреди Ла-Иммакула­да-Консепсьон базиликасы эрте классицизм менен барокконун элементтери айкалыштырып жасалган(1797–1804). Коста-Риканын колониялык мезгилде пайда болгон шаарлары Сан-Хосе жана башкалар Латын Америкасынын шаар курулушуна типтеш: тик бурчтуу көчөлөр, ачык боёктор менен сырдалган короолору бар жапыз үйлөр, коомдук имарат­тар менен борбордук аянт ансамблдери. Коло­ниялык мезгилде искусство чыгармалары Гватема­ла, Мексика, Эквадордон алынып келинген. XIX кылымдын 2-жарымында жергиликтүү чеберлер пайда боло баштаган: таш менен иштеген Х. Мора Гонсалес, боёлгон жыгачтан портрет жана айкел жараткан айкелчи Ф. Гуттьеррес, живописчи Э. Эчанди Монтеро. Көз карандысыздыктан ки­йин Коста-Рикада классицизм духундагы курулуштар пайда болгон (Улуттук сарай, 1851–1856, архитектору В. Куртце; кафедралык собор, 1871–1878, архитектору Х. Кирс Фильгер; экөө тең Сан-Хоседе). Герма­ниялык архитектор П. Эренберг Брикман Коста-Риканын архитектурасына «жаңы кыймыл» (Г. Куберонун үйү, 1933) жана ар деко («Кино палас» кинотеатры, 1935) принциптерин киргизген, «Шифтер» кең­се имаратын интернационалдык стилде долбоор­логон (1954, Сан-Хосе). XX–XXI кылымдардагы белгилүү архитектор В. Станьо постмодернизм идеялары менен экологиялык, тропикалык шартка айкалышкан куру­луштарды (Гумбольд Көркөм искусство борбору, 1999, Сан-Хосе; «Holcim» компаниясынын има­раты, 2003–2004, Алахуэла) долбоорлогон. XIX кылым­дын аягынан сүрөт искусствосу өнүккөн. 1897-жылы Көркөм сүрөт академиясы (азыркы Коста-Рика университетинде көркөм искусство факультети), 1928-жылы «Искусст­во досторунун ийрими» түзүлгөн. XX кылымдын бел­гилүү чеберлери живописчи жана айкелчи М. Хименес, айкелчи Ф. Суньига, график Ф. Амигетти чыгармачылыгында реализм салттарын экспрессионизмдин элементтери менен айкалыш­тырган. Элдик кол өнөрчүлүктө карапачылык, токуучулук, сокмочулук жана жыгачка оюу түшүрүү, жазуу өнүккөн.
Индей музыкасы мая жана ацтек цивилизация­сынан башталат; ырым-жырымдардын элемен­ттери чибча элинин музыкалык салттарында сактал­ган. Креоль музыкасы бардык жерде таралган: майрамдарда аскер оркестрлери аткарат, сарсу­эл көрсөтүүлөрүндө, ярмаркаларда, маскараддар­да ойнолот, католиктердин диний майрамдарын коштойт (Христостун туулган күнүн майрам­доого вокалдык-аспаптык ансамблдер гитара, скрипка, аккордеон, барабан, бубен жана башкалар менен катышат). Креоль музыкасынын бир кыйла бөлүгү XX кылымда фольклорчу Э. Прието тарабынан жазылып калган; аны композитор ж-а аткаруу­чу Л. Саласара кеңири жайылткан. 1845-ж. Сан- Хоседе гватемалалык музыкант Х. Мартинес алгачкы үйлөмө аспаптар оркестрин уюштур­ган. 1850-жылдан опералар коюла баштаган, 1897-жылы Улуттук опера театры курулган. XIX кылым­дын аягында атайын окуу жайлары – Улуттук музыкалык мектеп жана Түндүк Сессилиядагы музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылы Коста-Риканын Улуттук симфониялык ор­кестри уюшулган. 1942-жылы Г. Агиларанын же­текчилигинде Улуттук консерватория түзүлгөн. XX кылымдагы белгилүү композиторлору: Х. Мата, А. Прадо, Р. Уллоа жана Р. Санц, Б. Гутьеррес, Б. Флорес; кийинки муундагылар – М. Альфа­гуэль, Л. Д. Херр, В. Поррас, Х. Л. Асеведо.


Ад.: Всё о странах мира. Атлас справочник. С.-П., М., 2006; Страны мира. Справочник. М., 2006; Коста- Рика// Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010; Страны и регионы мира. 3-е изд. М., 2009.