КОСТАНАЙ
КОСТАНАЙ – Казакстандагы шаар. Костанай облусунун административдик борбору. Тобол дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Калкы 272,7 миң (2025). Темир жол тоому. 1879-жылы негизделип, Новониколаевск, 1893-жылдан шаар болуп, Николаевск деп аталган. 1895-жылдан азыркы атында. 1921–25-жылдарда Ак-Төбө облусундагы Костанай губерниясынын, 1925–30-жылдарда округунун, 1930-жылы районунун, 1936-жылы Костанай облусунун борбору. Жеңил (камвол-нооту комбинаты; «Большевичка» бут кийим фабрикасы), тамак-аш (эт-сүт, ун-жарма, нан комбинаттары), курулуш материалдар (темир-бетон, кыш заводдору), машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, электр энергетика өнөр жай ишканалары ж-а ошондой эле 10 АК, 9 ЖЧК, 4 МКК иштейт. Педагогикалык университет, айыл чарба институту, коллеждер (кооперация, индустрия, автомобиль, курулуш), 2 кесиптик-техникалык окуу жайлары, музей, 2 маданият үйү, облустук драма театр, филармония, 13 китепкана, оорукана, диспансерлер бар.
Ад.: Кустанай: вчера, сегодня, завтра. А.-А., 1979.