БАРКАРОЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРКАРО́ЛА (итал. barka – кайык) – 1) венеция гондольерлеринин ырларынын баштапкы аты. Кийин кайыкта сейилдеп ырдагандагы ырлардын баары Баркарола деп аталган; 2) лирикалык сезимтал обондуу, суунун толкунун сүрөттөгөн коштоосу бар романс же фортепьяно үчүн жазылган чыгарма. 18-кылымдан Баркарола профессионалдык музыка жанры катары кеӊири тараган. Ф. Шуберт, М. И. Глинка, Ф. Шопен, П. И. Чайковский ж. б. композиторлордун чыгармачылыгында жана италян-француз операларында кездешет.