БАРСКОН АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүндө. Барскон суусу м-н Ара-Бел ойдуӊунун башында, деӊиз деӊг. 3756 м бийиктикте жайгашкан. Ашуунун белинде гранит ж-а акиташ тектери жатат. Айланасында 4386–4512 м бийиктиктеги чокулар, мөӊгүлөр бар. Түн. капталы тик ж-а кыска, түш. капталы жапыз ж-а айдөөш, акырындык м-н сыртка өтөт. Ашуунун чарбачылыкта мааниси чоӊ. Ички Теӊир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү м-н байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кум-Төр алтын кенине барчу автомобиль жолу өтөт, жогорку вольттуу электр линиясы курулган.