БАРСКОН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
БАРСКОН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Барскон кыштагынан 2 км түндүк-батышта, деӊиз деӊгээлинен 1694–1709 м бийиктикте. 1984-жылы чалгындалган. Кен аймагын Барскон суусунун өрөөнүндөгү кой таш – кум-шагыл кошундулары түзөт. Гранулометриялык орточо курамы: 500–70 мм – 24%, 70–5 мм – 45%, 5 ммден майдасы – 31%. Кум-шагыл асфальт-бетондун кошундусу, «300» маркадагы бетонду даярдоого жарамдуу. Запасы А категориясы б-ча 296 миӊ м3, В–406 миӊ м3, С1–609 миӊ м3, А+В+С1–1311 миӊ м3.