БАРТЕР
БА́РТЕР (англ. barter) – акча жана валюта каражаттарын колдонбостон, товарды товарга алмаштыруу. Бартер валюта проблемасынан (чет өлкөлүк валютанын тартыштыгы‚ улуттук валютанын туруктуу эместиги ж. б.) келип чыгат. Эл аралык валютанын өтүмдүүлүгү эл аралык соодада бартердик бүтүмдүн үлүшүн көбөйтөт.