БАРТЕРДИК БҮТҮМ –
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – бүтүмдүн түрү; товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акча төлөмүсүз алмаштырылышы. Эл аралык маркетингде – бир же бир нече товардын (кызмат көрсөтүүнүн) белгилүү бир санын наркы (баасы) боюнча окшош башка бир товарга же кызмат көрсөтүүгө алмаштыруу боюнча экспорттук-импорттук операция. Бартер валюта каражаттарын тартпастан, тышкы соодада товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү түздөн-түз алмашууну жүргүзөт.