БАРЫМТА
БАРЫМТА – өткөн доорлордогу кыргыз, казак, башкырт ж.б. көчмөн элдерде жоолашкан уруулардын өз ара доосу үчүн кармалып калган адам, мал, мүлк. Барымта кыргыздын салттуу турмушунда орун алган уруулар, уруу бирикмелеринин ортосундагы араздашууларды чечүүнүн каражаттарынын бири болгон. Барымтанын себеби ар түрдүү – өч алуу, жайыт талашуу ж. б. Кээде чоӊ уруш чыгарууну көздөшүп, бир уруунун мүчөлөрү 2-уруунун мүчөлөрүн атайы Барымталаган. 18–19-кылымдарда өз ара Барымтачылык күч алып, элге бир топ бүлүк салган, айылдар талоонго учурап, мал кырылган. Анткени Барымтага келген мал эсепсиз союлуп, сатылган. Барымтачылар, өзгөчө жылкыга тийген. Ошондуктан жылкыны Барымтачыларга сокку бере ала турган эр жүрөк адамдар кайтарышкан.