БАРЫН
БАРЫН – Ош облусунун Ноокат районунундагы кыштак. Чачма-Сай айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынанан 2 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 40 км. Деӊиз деӊгээлинен 1320 м бийиктикте. Калкы 3724 (2009); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Мектеп, китепкана бар. Топоним кыргыздын Барын уруусунун атынан пайда болгон.