БАСКАК
БАСКАК – Чынгыз хандын каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моӊголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына ж-а он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жерг. элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо м-н аларды көзөмөлдөп туруу ж-а салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар – Б-тар дайындалган. Б. системасы 1252-ж. эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Б-тын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, Б. өз аскерлери м-н аларга каршы аттанып, жазалап турган.