БАСКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 8 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКТАР (өздөрүн э у с к а л д у н а к деп аташат) – Түндүк Испания жана Түштүк – Батыш Францияда жашаган эл. Испанияда 2,178 млн, Галисияда 2,7 млн, Наваррада 649 946 (2019), Францияда 230 200 киши (2008), ошондой эле 15 млнго жакын киши Аргентина, Бразилия, Мексика, Венесуэла, Уругвай жана АКШда жашашат. Баск, француз жана испан тилдеринде сүйлөшөт, католик динин тутушат. Басктар – Пиреней жарым аралында жашаган байыркы элдерден. Басктардын ата-бабалары васкон, вардул, каристи ж. б. уруулар. Басктардын көпчүлүгү арабдардын үстөмдүгүнүн мезгилинде көз каранды эместигин сактап калган. Алар жашаган аймактын түндүгү Францияга (16-кылым), түштүгү Кастилия мамлекетинин (15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башы) курамына кошулуп, узак убакыт бою улуттук райондорду борборлоштуруу жана күч менен испандаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. Басктар баскынчыларга каршы тынымсыз күрөшүп, өздөрүнүн үрп-адатын, салтын, тилин, маданиятын сактап калган. 1931–39-жылдарда Испан революциясы улуттук кыймылдын жаӊы жогорулашына алып келген. 1936-жылы автономиялык район түзүлүп, ал Басктар өлкөсү деп аталган, бирок Франконун фашисттик аскерлери басып алгандан кийин (1937-жыл, июнь) автономиясы жоюлган. 1940–50-жылдарда калктын 20–25% гана эне тилинде сүйлөшсө, 1970-жылы эне тилинде мектептер ачылып, андан ары маданий өнүгүүгө багыт алышкан. 1980-ж. Басктар өлкөсү, кийин Наварра автономиялык статуска ээ болушту. Басктар негизинен мал чарбачылык, жүзүм өстүрүүчүлүк менен кесип кылышып, таштан салынган эки же үч кабаттуу, балкондуу үйлөрдө жашашат. Аялдар алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, кыска кара куртка, көгүлтүр көйнөк кийип, көкүрөгүнө дайыма алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, шуру, мончокторду, башына жибек бант тагынышкан. Кыздары кенен жеӊдүү ак көйнөктүн сыртынан корсаж кийишкен. Эркектери багалеги тизесине чейин жеткен кыска кара шым, күмүш топчулуу куртка жана жилет, көйнөк, чапела (берет – баш кийим) кийишип, кур тагынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жашылча-жемиштер.
Ш. Керимова.

Альбокада ойноп жаткан баск.