БАСОВ Станислав Александрович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́СОВ Станислав Александрович (25. 8. 1940-жылы туулган, Барнаул) – техника илимдеринин доктору (1986), профессор (1989), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1991). Томск политехникалык институтун (1962), Фрунзедеги политехникалык институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда лаборатория башчы (1969–92) болуп иштеген. Басовдун катышуусу менен жасалган ойлоп табууларга Швеция, ФРГ, Франция, Япония ж. б. өлкөлөрдүн патенттери берилген. Илимий эмгектери негизинен тоо кен өнөр жайында, курулуш тармагында колдонулуучу гидравликалык бургулоочу машинанын конструкциясын түзүүгө, алардын динамикалык процесстерин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун илимий эмгеги, 20га жакын монографиясы жарык көргөн.