БАСРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́СРА, Б а с с о р а – Ирак Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Калкы 1,3 млн (2018). Шатт-эль-Араб дарыясындагы ири порт. Темир жол жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуунун жана ажыратуунун борбору. Химия, текстиль өнөр жайы, университет иштейт. Басраны 637–38-жылдары халиф Омар негиздеген. 8–9-кылымдарда Араб халифатынын маданий жана экономикалык борбору болгон. 1258-жылы монголдор тарабынан талкаланган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ирактын карамагына өткөн. Эски Басранын урандылары сакталган.