БАС-ТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 8 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАС-ТЕР – Вест-Индиядагы Гваделупа аралдары тобунун (Франция ээлиги) административдик борбору. Калкы 11,7 миӊ (2011), деӊиз порту. Туризм өнүккөн. Архитектуралык эстеликтери – Сен-Шарль форту, Эвеше собору, юстиция имараты. Сыртка кант, банан, какао, кофе, ваниль чыгарат. Кант өнөр жайы иштейт. 1643-жылы негизделген. Шаар ураган шамалынан көп жабыркайт. Бас-Терге жакын, Пижон аралында Ж. И. Кусто уюштурган суу астында сүзүү борбору жайгашкан.