БАСТЕР
БАСТЕ́Р – Сент-Китс жана Невис мамлекетинин борбору. Айдарым аралдар тобуна кирген Сент-Кристофер (Сент-Китс) аралынын түштүк жээгинде жайгашкан деӊиз порту. Калкы 15,5 миӊ (2021). Эл аралык аэропорту бар. 1627-жылы француздар негиздеген. 1867-жылы өрттөн кийин кайра курулган. 1983-жылдан көз карандысыз мамлекеттин борбору. Өкмөт үйү, собор, чиркөө, саат мунарасы, эки кабаттуу үйлөр, улуттук музей, ботаникалык бак, казино, кант заводу, суусундук өндүрүшү иштейт. Туризм өнүккөн.