БАСТИЛИЯ
БАСТИ́ЛИЯ – 14–18-кылымдардагы Париждеги чеп жана мамлекеттик түрмө. 1370–82-жылдары курулган. 15-кылымдан ал чеп гана эмес, мамлекеттик түрмөнүн да милдетин аткарган. 16-кылымдын аягынан көбүнчө саясий күнөөкөрлөр отургузулган. 1789-жылы 14-июлда Бастилияны көтөрүлүшчүлөрдүн басып алышы Француз революциясынын башталышы болгон. Бастилия 1790-жылы толугу м-н талкаланган. Бастилияны алган күн – 14-июль Франциянын улуттук майрамы катары 1880-жылдан белгиленет.