БАСУУ
БАСУУ п о л и г р а ф и я д а – боёкту басуу формасынан кагаздын же башка материалдардын бетине түшүрүп, көп сандагы окшош нускаларды алуу процесси. Ал негизинен чыгыӊкы Басуу, оюӊку Басуу, тегиздиктен Басуу деп бөлүнөт (к. схеманы). Ч ы г ы ӊ к ы Басууда форманын кагазга басыла турган элементтери жогорку тегиздикте, басылбай тургандары төмөнкү тегиздикте жайгашат. Формага сүйкөлгөн боёк анын бийик элементтерине жугуп, андан кагазга түшүрүлөт. О ю ӊ к у Басууда чыгыӊкы Басууга тескерисинче форманын кагазга түшө турган элементтери төмөн, басылбай турган элементтери жогору жагында жайгашат. Сүйкөлгөн боёк оюктарга толгондон кийин форманын бетин толугу менен жаап калат. Оюкка толгон боёктор кагазга сүрөт же тамга болуп түшөт. Көп сүрөттүү кооз журнал, альбом, портрет ж. б-ды Басууда бул ыкма кеӊири колдонулуп келген. Т е г и з д и к т е н Басууда форманын кагазга басыла жана басылбай турган элементтери бир тегиздикте жайгашат.

2 – кагаз; 3 – басуу цилиндри; 4 – боёк.
Атайын химиялык иштетүүнүн натыйжасында Басуу формасына боёк жана нымдаштыргыч суюктук сүйкөлөт. Боёк форманын басыла турган элементтерине (тамга, сүрөт), нымдагыч суюктук – элементсиз ак жерге сиӊет. Азыркы учурда Басуунун мына ушундай үч түрүнүн бирине кирген офсеттик Басуу, флексография, шелкография, ризография сыяктуу түрлөрү практикада кеӊири колдонулууда. Оф с е т т и к Басуу – тегиздиктен басуунун бир түрү. Мында форманын кагазга басыла турган элементи (текст, сүрөт ж. б.) ортодогу бети ийкемдүү, чоюлгуч офсеттик цилиндрдин жардамы менен ишке ашырылат. Бул Басууда майда элементтер даана чыгып, бүдөмүк өӊдөр жакшы көрүнөт да, жогорку сапаттагы продукция алынат. Ф л е к с о г р а ф и я – чыгыӊкы Басуунун бир түрү. Мында кагаз, картон, өзү желимделүүчү материал, металл фольгасы, плёнка түрүндөгү полимер материалдар, кездеме ж. б-га Басуу мүмкүндүгү болот. Ш е л к о г р а ф и я д а басылуучу элемент боёкту атайын тордон (трафареттен) сыгып чыгаруу аркылуу түшүрүлөт. Мында даярдалган тордун басылуучу элементтин тушунда өтмө тешиктери болот. Басуунун бул түрү визитка, этикетка жана көрнөк-жарнак басып чыгарууда колдонулат. Р и з о г р а ф и я – атайын Басуу машиналарында – дубликаторлордо колдонулуучу Басуу ыкмасы. Ал бир жагынан офсеттик принципке (аралык офсеттик цилиндри болот), экинчи жагынан трафареттик ыкмага (боёк офсеттик цилиндрге тордун көзчөлөрүнөн өтөт) негизделген. Бул ыкманын артыкчылыгы – Басуу процессинин жана аз нускада чыгарылган продукциянын өздүк наркынын арзандыгы, бирок көп түстүү Басууга жөндөмсүз. Басуу процессинин алдында белгилүү даярдоо жумуштары аткарылат. Аларга: текстти жана иллюстрацияны даярдоо; басылманын макетин жасоо жана версткалоо (басылманы Басуу формасына келтирүү); фотоформаларды чыгаруу; Басуу формаларын даярдоо кирет. Азыркы учурда полиграфиялык продукциянын оригинал-макетин даярдоонун бардык операциясын – фотосүрөт тартуу, иллюстрацияларды, оригинал-макетти констр-лоо, текстти терүү, версткалоо жана бет коюуну компьютер, атайы программа жана санарип техникасы аткарат. Формалар даярдалгандан кийин Басуу процесси машиналарда ишке ашырылат. Полиграфиялык продукция Басуу машинасынан чыккандан кийин Басуунун жыйнактоо иштери аткарылат. Аларга: бүктөө (фальцовка), комплектөө (блокко чогултуу), бириктирип тигүү (зым жип же желим менен чаптоо), из түшүрүү (тиснение), ламинациялоо, плёнка жабыштырып жылтыратуу, брошюралоо, форматка салып кесүү жана мукабалоо кирет. Булардын бардыгы атайы машиналарда аткарылат, к. Басуу машинасы.
Ад.: Александрова М. И., Шапиро И. Н. Печатные и брошюровочно-переплётные процессы. М., 1964 (Технологи полиграфического производства, кн. 2); Попрядухин П. А. Технология печатных процессов. М., 1969; Лапатухин В. С., Способы печати. М., 1976. Полянский Н. Н. Технология полиграфического производства, М.; 1992.
Ж. Жолдошева.