БАСЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫЗ – кыргыздардын сол канат тобунун курамына кирген уруу. Уруунун келип чыгышы тууралуу санжыралык маалыматтар өтө аз. Анда айтылгандай, сол канат урууларынын түпкү атасы Куу уулдун бир баласы Басыз болгон. Бул уруунун этнониминен анын байыркылыгын байкоого болот. Аталыштын этимологиясы белгисиз, архаикалык деп божомолдонот. Айрым изилдөөчүлөр Б. уруусун о. кылымдардагы басмылдар м-н жакындаштырышат. Бирок далилдүү фактылар кездешпейт. 16-к-дагы кыргыз урууларынын түзүлүшүн берген «Мажму ат-таварихте» Б. уруусунун сол канатка кирген алты уруунун бири катары көрсөтүлүшү анын байыркы кыргыз урууларынан экендигин далилдейт. Б. уруусу ич ара уруктарга бөлүнүп, негизинен аккүп ж-а сарыкүп деп аталган эки уруктук топко ажырайт. Ал топтор каман, оногор, керки тамга, кылыч тамга, бактыгул, маметберик, кудайлат деген уруктардан турат. Б-дар илгертен Фергана кырка тоосунун түн. ж-а түш. беттерин мекендеп келишкен. Бул уруунун өкүлдөрү жайгашкан негизги аймак – Ош, Жалал-Абад м-н Нарын обл-тарынын айрым райондору, Жалал-Абаддын Сузак р-нундагы Чарбак, Кара-Алма, Кызыл-Кыя, Урумбай, Сары-Булак, Көгарт, Орток, Барпы, Тогуз-Торо р-нундагы Макмал, Чет-Булак, Казарман, Атай, Оштун Өзгөн р-нундагы Зергер, Жыланды, Ара-Көл, Салам-Алик, Кызыл-Байрак, Нарындагы Ак-Талаа р-нунун Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Коӊорчок, Үгүт, Кош-Дөбө ж. б. айылдарында жашашат. Мындан тышкары алардын майда топтору Кырг-ндын башка аймактарында да кездешет.
Р. Жолдошов.