ВАНДАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
лат. Vandali) – чыгыш герман урууларынын тобу. Адегенде Скандинавия ж. а-нын түш.-батышында ж-а Ютландия ж. а-нын түн. аймактарында жашашкан. Б. з. ч. 2–1-к-да Одер д-нын ортоӊку ж-а жогорку агымына (азыркы Польшанын түш.-батышы) көчүп келишкен. В. силингдер (азыркы Силезиянын аймагы) ж-а асдингдер (азыркы Венгриянын түн.-чыгыш аймактары) болуп бөлүнүшкөн. Рим императору Пробдон жеӊилгенден кийин В-дын бир бөлүгү Британияга көчүрүлгөн (279). 4-к-да Рим императору Константин алардын бир тобун Паннонияга отурукташтырган. 5-к-дын башында В. аландар ж-а свевдер м-н бирдикте Рейн д-нан өтүп, Галлияны чаап алып, Испаниянын бир бөлүгүн ээлешет. 429–439-ж. Түн. Африканы каратып, асдингдердин конунгу Гейзерих (428–477) Карфагенде өз алдынча мамлекет негиздеген; ал жерден В. Жер Ортолук деӊиздин жээктерине ж-а аралдарына жапырып кирип турушат. 455-ж. Римге басып кирип, эки жума бою талап-тоношкон. 534-ж. В. мамлекетин Византия каратып алган; В. болсо жерг. элдерге аралашып кеткен. В. тарыхта жерг. калктарга карата ырайымсыздыгы, талоончул жортуулдары ж-а антикалык мад-ттын эстеликтерин кыйраткандыгы м-н белгилүү. Ушундан улам «вандал» этноними жалпы мааниге ээ болуп, 18-к-да маданий эстеликтерди максатсыз кыйратууну билдирген вандализм түшүнүгү калыптанган.