БАСЫЛМА ПЛАТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫЛМА ПЛАТАСЫ – обочолотуучу текзаттардын (материалдардын) баракчасында жез жолчолор менен кошулган электрондук компоненттердин тобу. Жолчолорду пайда кылуу үчүн адегенде платаны жез чел менен жолчолорго коргоочу катмар басат. Андан кийин платадагы корголбогон катмарды химиялык жол менен жедирип алып салат. Электрондук компоненттерди жез жолчолорго керектүү жеринде данакерлеп кошуп коёт. Азыркы Басылма платасы компоненттерди эмес, интегралдык түзмөктөрдү камтыйт.