БАСЫМ БОРБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ БОРБОРУ – суюктукта, газда кыймылдоочу же тынч абалдагы нерсеге аракеттенген теӊ аракеттенүүчү күч коюлган чекит. Басым борборунун абалы нерсенин формасына көз каранды, ал эми кыймылдагы нерседе кыймыл багытына жана курчаган чөйрөнүн касиетине жараша болот. Үн ылдамдыгынан тез ылдамдыкта учуучу самолётто абанын кысуусунан Басым борбору куйругуна жылат. Кыймылдагы нерсенин (самолёт, ракета ж. б.) Басым борборунун абалынын өзгөрүшү анын кыймылынын туруктуулугуна таасирин тийгизет. Нерсенин кыймылы туруктуу болуш үчүн оордук борборуна аэродинамикалык күч таасир эткенде Басым борбору мурунку абалына келет.