БАСЫМ КӨРСӨТҮҮ ТОБУ
БАСЫМ КӨРСӨТҮҮ ТОБУ – адамдардын максаттуу түрдө бийлик ин-ттарына ачык басым көрсөтүп, өз кызыкчылыктарын билдирүү ж-а коргоо максатында түзүлгөн ыктыярдуу коомдук бирикмеси. АКШда пайда болуп, кийин бардык өлкөлөргө тараган. Б. к. т-нун ишмердигинин формасы болуп лоббизм эсептелет. Анын бир нече типтери бар: 1) экон. ж-а эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (ишкерлер ассоциациясы, керектөөчүлөр союзу, профсоюздар); 2) социалдык чөйрөдөгү уюшулган топтор (ардагерлердин бирикмелери, майыптар коому, мээримдүүлүк фонду); 3) эс алуу чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (спорттук уюмдар, филателисттер уюму ж. б.); 4) илим ж-а мад-т, дин чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (ил. ассоциациялар, артисттер, сүрөтчүлөр, жазуучулар союздары, секта, мечит ж. б.); 5) саясий чөйрөдөгү уюшулган топтор (экол. кыймыл, тынчтык үчүн кыймыл, аялдар укугу үчүн ж. б.), о. эле саясий, аймактык, локалдуу, трансулуттук болуп бөлүнөт.
К. А. Мусабаева.