БАСЫРЫЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫРЫЛУУ, т а п т а л у у – 1) м е т а л л и ш т е т ү ү д ө – сомдомонун бийиктигин кичирейтип, бир эле учурда анын туурасын чоӊойтуу үчүн басым астында пресс жана барскан менен иштетүү процесси; 2) ш а х т а м е ш и н д е – металлургия мешинде эрүү бир калыпта эмес өткөндө (негизинен домна мешинде) шихта текзаттын (материалдын) жар сымал төмөн кулашы; 3) т о п у р а к т ы н Басырылуусу – оордук күчү чоӊойгон сайын негиз бетинин (жерпайынын) тик багытта жылышуусу (кыймылга келүүсү). Адатта Басырылуу убакыт боюнча бир калыпта болбойт. Пайдалануу шартына, курулуучу курулманын конструкциялык өзгөчөлүгүнө карата Басырылуу мүмкүн болгон чектик маанисинен ашпашы керек.