БАТАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТА́Т (Ipomoea batatas), т а т т у у к а р т о ш к а – өсүмдүктөрдүн чырмооктор тукумундагы көп жылдык (эгилмеси көбүнчө бир жылдык) жашылча. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө, негизги азык өсүмдүк катары байыртан эгилет. Эгилме түрү Борбордук Америка, Мексикадан тараган. Сабагы узун (1–5 м), бир нерсеге жармашып өсөт, муунактарынан тамырлайт. Тамырында ар кандай формадагы жана түстөгү, крахмал менен кантка бай, ири, салмагы 200–500 г, кээде 10 кгга чейинки түймөк пайда болот. Андан акшак, ун тартылып, крахмал, спирт, кант даярдалат. Сабагы – тоют. Көбүнчө Индия, Индонезия, Япония, Филиппин аралдарында, Африканын экватор өлкөлөрүндө, Бразилия, АКШ, Испания жана Италияда эгилет.