БАТИПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТИПЛА́Н ( гр. bathes – тереӊ ж-а лат. Planum – тегиздик) – суу астында байкоо жүргүзүүчү бир орундуу чиркелме аппарат. Ал балык уулоочу жана топтошкон балыктуу аймактарда (табигый шартта) балыктарга, балык кармай турган конус түрүндөгү оозу бар кап сымал тордун (трал) иштешине байкоо жүргүзүү жана изилдөө үчүн арналган. Гидродинамикалык күчтүн аракети менен кыймылдап, сууга чөгөрүлөт жана тереӊдикте кармалып турат. Жылчыксыз тулкусунда отурган адам башкарат. Батиплан кемеден түшүрүлүп, суунун бетинде сүзүп жүрөт же рулдун жардамы менен керектүү тереӊдикке чөгөрүлөт.