БАТКЕН ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТКЕН ӨРӨӨНҮ – Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун түн. этектеринде жайгашкан тоо аралык өрөөн. Баткен р-нун аймагында. Түштүктөн түндүккө 60 кмге созулат. Туурасы 24 км, деӊиз деӊг. бийикт. 900–1500 м. Аянты 270 км2дей. Б. ө. Өлмөс ж-а Бужум тоолорунун аралыгындагы алкым аркылуу түндүгүнөн Исфара Лейлек ойдуӊуна кошулат. Өрөөндү түштүгүнөн Байтак (бийикт. 1829 м), Тешик-Таш (2025 м), Кара-Таш (2038 м), батышынан Баткен (1331 м), Бужум (1377 м). Ак-єтөк (1490 м), Досталык ж-а Сүргөн-Таӊгасы (1388 м), түндүгүнөн Кыӊыр-Адыр, Паран (985 м), чыгышынан Ак-Таш тоолору курчайт. Жеринин бети түндүктү көздөй жантайыӊкы, бир аз күдүрлүү; тоо этектери кургак сайлар м-н тилмеленген. Курчап жаткан тоолор силур ж-а карбон мезгилдеринин сланец, акиташтеги, кумдук, алевролит, конгломерат, өрөөндүн таманы неоген м-н антропогендин шагыл, конгломерат, кумдук, чопо, кумай ж. б. тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик, жайы узак, кургак, кышы кыска; кар аз түшөт. Июлдун орт. темп-расы 25°С, январдыкы –5°С. Жылдык жаан-чачыны 100–300 мм. Негизги суулары: Чет-Булак, Кара-Булак. Табигый чөл, жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафты адамдын чарбалык таасиринен аябай өзгөргөн (айрыкча түн. жагында). Боз топурактуу. Табигый өсүмдүктөрдөн шыбак, баялыш, бетеге ж. б. кездешет. Өрөөндө мал чарбасы, багбанчылык, жүзүмчүлүк, тамекичилик өнүккөн. Гидромелиорация иштери жүргүзүлүүдө.