БАТКИБЕКОВА Минира
БАТКИБЕКОВА Минира (1940-ж. т., Чүй обл., Москва р-ну, Октябрь кыш.) – химия илимд. доктору (1990), проф. (1991). Эл аралык инженердик академиясынын (1986) ж-а КРдин Инженердик академиянын академиги (1994). Болгариядагы тамак-аш өнөр жай жогорку ин-тун бүтүргөн (1962). ФПИде окутуучу, доцент, проф., кафедра башчысы, декан, проректор болуп иштеген. 1997-жылдан КТУнун Хим.-технол. ИИИнин директору. Хим. термодинамика, тамак-аш химиясы, экология б-ча адис. КРдин билим берүүгө эмг. сиӊ. кызматкери (1995). Эмг.: Физикалык химиянын кыскача курсу. Б., 1999; Физико-химические свойства комплексных соединений пентахлорида сурьмы с органическими лигандами. Б., 1997; Сборник задач и упражнений по химии. Б., 2000.