БАТТЕРФЛЯЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТТЕРФЛЯ́Й (англ. butterfly – көпөлөк) – сууда спорттук сүзүү ыгы. Анда спортчу эки колу менен бир мезгилде сууну шилеп, андан кийин колун суунун үстүнө чыгарып, көкүрөк менен бутун брасстагыдай (к. Брасс) кыймылдатып сүзөт. 1934-жылы сууда сүзүүнүн өзүнчө ыкмасы катары кабыл алынган. Сууда сүзүүнүн эл аралык федерациясы 1952-жылы аны брасс ыкмасынан өзүнчө бөлгөн. Баттерфляйдын өркүндөтүлгөн түрү д е л ь ф и н деп аталат.