БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ
БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ Чыгыш Антарктидада. Түндүгү м-н чыгышынан Дейвис, батышынан Ынтымак деӊиздери м-н чулганат. Батыштан чыгышка карай 580 кмге, түштүктөн түндүккө карай 65–95 кмге созулат, бийикт. 70–100 м, муздун калыӊдыгы 250–300 м. Э. Дригальский жетектеген немис антарктикалык экспедициясы ачып (1901–03), атын койгон.