БАШ АЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ АЧУУ, т а л а к – мусулман салтында күйөөсү м-н аялын ажыраштыруу. Өткөн заманда кыргыз чөйрөсүндө Б. а. негизинен бир жактуу мүнөздө болуп, чечүүчү кадам эркекке таандык болгон. Аял ага материалдык жактан көз карандылыкта жашаган. Ал күйөөсү м-н ажырашкысы келсе, бийлердин сотуна кайрылган. Бийлер: 1) эгерде аял күйөөсүнүн жубайлык милдетин аткарууга жөндөмсүздүгүн далилдесе (далилдей албаса өзү үчүн төлөнгөн калыӊды күйөөсүнө кайтарып бериш керек); 2) күйөөсү ага 6 ай 13 күн бою тамак-аш ж-а кийим-кече бербей, таш боорлук мамиле кылса; 3) дене жагынан кемчилиги болсо; 4) жубайлардын биринин акыл жагынан майыптыгы ж. б. себептер болсо ажырашууга жол берип, таламдаш болгон тараптан өз пайдасына бир кыйла айыпты төлөтүп алуу м-н калыӊды ж-а септи кайтарып берүү ж-дө чечим чыгарышкан. Ал эми күйөөсүнүн талабы б-ча ажырашкан аял андан өзү үйгө ала келген мүлктү да, балдарын да алууга укугу болгон эмес. Күйөөсү ар кандай убакта түрдүү шылтоо м-н аялынан ажыраша алган. Бул үчүн ага «талак» деген сөздү 3 жолу айтуу эле жетиштүү болуп, ажырашуу күчүнө кирген. Бирок кааласа күйөөсү бул сөзүн кайра алуу ж-а үй-бүлөлүк турмушун кайра баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бул учурда никени кайра жаӊыртуу талап кылынган. Никени мындай жаӊыртуу үчүн Түш. Кырг-нда адалда (адал – таза, шарият уруксат берген деген мааниде) деп аталган татаал «орто аралык нике» талап кылынган. Б. а. Түн. Кырг-нда адат укугунун (исламдын бир кыйла таасири астында) нормаларына ылайык, ал эми Түш. Кырг-ндан шариаттын мыйзамдары б-ча жүзөгө ашырылган.