БАШ БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР (Cephalopoda) – моллюскалар тибиндеги омурткасыз жаныбарлар классы. Дене уз. 1 смден 5мге чейин, башы чоӊ, денесин мантия каптап турат, дээрлик көпчүлүгүнүн оозунун тегерегинде 8 таажысы ж-а 2 жуп тинтүүрлөрү жайгашкан. Ургаачысынын арт жагында жумуртка салып, жетилгенче алып жүрүүчү атайын раковинасы бар. Баш сөөгү кемирчектүү. Тоту куштун тумшугундай калыӊ мүйүз сыяктуу эки жаагы азыгын кармап, майдалоо кызматын аткарат. Эки жуп шилекей бези бар, арткысы уулуу болушу мүмкүн. Арткы ичегисине сыя капчасынын түтүгү ачылат, мээси татаал түзүлүштө. Башынын эки жагында жакшы өрчүгөн чоӊ көздөрү бар. Алар денесинин түсүн тез өзгөртүүгө жөндөмдүү (коргонуу реакциясы). Көпчүлүгүндө жарык берүүчү органдары болот. Жашоосунда бир гана жолу тукум берет, андан кийин өлөт. 650гө жакын түрү деӊизде, океанда, көпчүлүгү тропик ж-а мелүүн жылуу сууларда жашайт. Жырткыч, бентос ж-а планктондор м-н азыктанат. Көп түрлөрү фармацевтика сырьесу катары пайдаланылат.