БАШ КИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ КИЙИМ – башка кийүүчү кийимдин жалпы аталышы. Ар бир жердин шартына, элдин салтына, жынысына, жаш өзгөчөлүгүнө жараша Баш кийим сырткы түрү, жердиги ж. б. жагынан айырмаланат. Кыргыз элинин байыртадан: тебетей, тумак, малакай, топу, калпак, элечек, шөкүлө, жоолук сыяктуу Баш кийимдери болгон. Баш кийим жыл мезгилдеринин жылуу же суук убактарында кийип жүрүүгө ылайыкталып, айбанаттардын терисинен, кийизден, кездемеден атайын үлгүлөр боюнча бычылып, тигилген.