БАШКЫРТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКЫРТТАР (өздөрүн башкорт деп аташат) – түрк эли, Башкыртстандын (Россия Федерациясы) жерг. калкы. Саны Россияда 1584 554, а. и. Башкыртстанда 1172 287 адам (2010). Челябинск, Оренбург, Пермь, Свердлов, Курган, Тюмень обл-нда, о. эле Казакстан, Өзбекстан, Кырг-н, Тажикстан, Түркмөнстан, Украинада да жашашат. Жалпы саны 2 млн адам (2010). Башкырт, о. эле орус, татар тилдеринде да сүйлөшөт. Б-лар негизинен мусулман-сунниттер. Б. – этногенетикалык ж-а этномаданий байланыштар жагынан кыргыздарга жакын, тектеш эл. Алар б. з. ч. 1-миӊ жылдыкта Түш. Уралга ооп келген түрк элдери жерг. финн-угор ж-а иран (сармат-аландар) уруулары м-н ассимиляцияланышынын негизинде эл болуп калыптанган. Ага огуз-печенег уруулары, волга-камалык булгарлар, кыпчактар ж-а монгол урууларынын да (10–13-к.) катышы бар. Башкырт уруулары азыркы жашаган жерге 9–10-к-да көчүп келип, отурукташа баштаган. Бул аймакты мекендеген финн-угор тилдүү мадьяр (венгр) уруулары Паннонияга журт которууга аргасыз болушкан. Б. 1236-ж. монгол-татарларга баш ийишип, Алтын Ордого бириккен. 14-к-да ислам динине өтүшкөн. Алар Казан хандыгы жоюлгандан кийин (1552) Россиянын курамына кошулган ж-а келишим б-ча өздөрүнүн үрп-адат, салты ж-а дини м-н жашашкан. Падышалык Россияга каршы 17–18-к-да Б. бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышкан. 1773–75-ж. Б-да карама-каршылыктар токтотулган, бирок Б-дын жерге болгон вотчиналык укугу сакталып калган. 1789-ж. Уфада Россия мусулмандарынын Диний башкармалыгы уюшулган. 1917-ж. Февраль рев-ясынан кийин Б. өздөрүнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн активдүү күрөшкөн. 1919-ж. Башкырт АССРи түзүлгөн. 1-дүйнөлүк ж-а граждандык согуш, 1921–22-ж-дагы ачарчылык, 30-жылдардагы репрессия, 1941–45-ж-дагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жоготуулар, о. эле алардын татар, орус элдери м-н ассимиляцияланышы Б-дын санынын азайышына алып келген. Кийинки жылдарда Б-дын улуттук аӊ-сезиминин жогорулашы байкалат. 1990-ж. респ-нын Жогорку Советинде Башкырт АССРинин мамл. көз карандысыздыгы ж-дө декларация кабыл алынып, 1992-ж. февралда Башкыртстан Респ. болуп жарыяланган. Б. негизинен мал чарбачылык м-н кесиптенишкен жарым көчмөн эл болгон, о. эле аӊчылык, аарычылык, балык кармоочулук да кеӊири тараган. 17–19-к-да дыйканчылыкка өтүп, дөӊгөлөктүү жыгач соко, тырмоо колдонушкан. Б. бир нече уруулук топко бөлүнүп, болуштукту

түзүшкөн. Аны бий башкарып, бийлик мураска калган. Болуштук аймак, тюба, арага бөлүнүп, башкаруу иштерине тархандар, батырлар, дин өкүлдөрү активдүү катышкан. Б-да нике кудалашуу, айрым учурда ала качуу м-н ишке ашкан ж-а левират салты сакталган. Үйлөнүү той күнү колуктунун үйүндө ат чабыш, күрөш б-ча мелдеш уюштурушкан. Б-дын айылдары өзөн бойлой жайгашып, көчмөн турмуштун шартына ылайык, ар бир айылдын бир канча кыштоо, жаздоо, жайлоо, күздөөсү болгон. Алар боз үйдө, талаа-түздөрдө сокмо, жыгач үйлөрдө ж-а чатырларда жашаган. Азыркы мезгилде орустар ж. б. коӊшу элдердин тийгизген таасиринен улам Б-дын курулуш техникасы жакшырып, кыш, бетон м-н кабаттуу үйлөр салынган. Аялдар узун, бүйүрмөлүү көйнөк, алжапкыч, жеӊсиз кемсел кийишип, көкүрөгүнө коралл, күмүш теӊге м-н кооздолгон кооздуктарды тагынып, сыртынан чепкен (түстүү кездемеден тигилген), башына такыя кийип, анын үстүнө түрдүү шурулар бастырылган узун жамынгычтарды салынышкан. Эркектери көйнөк, кенен шым, чепкен, ичик, башына баалуу териден жасалган тебетей, малакай, калпак кийген. Тамак-ашы негизинен эт, сүт азыктарынан (беш бармак, куллама, чучук, казы, айран, кымыз, май, быштак) даярдалат. Жазында каргатуй, жайында жиин майрамдарын майрамдашат. Кургакчылык мезгилде арбактарга сыйынуу, курмандык чалуу м-н сууну бири-бирине жаба коюшуп, жаан чакыруу ырымы өткөрүлгөн.
Ш. Керимова.