БАШКЫРТ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКЫРТ ТИЛИ – түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкыртстанда, Татарстанда, Россиянын Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск облустарында таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) жана түш. (юрматин). Башкырт тили татар тилине жакын, фонетикалык, грамматикалык жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-жылга чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.