БАШКЫРТ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКЫРТ ТИЛИ – түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкыртстанда, Татарстанда, Россиянын Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск обл-нда таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) ж-а түш. (юрматин). Б. т. татар тилине жакын, фонет., граммат. жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-ж. чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.