БАЯЗИД I

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЗИД I Чагылган (1360, Эдирне, Түркия – 8. 3. 1403, Акшехир, Түркия, сөөгү Бурсага коюлган) – Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389–1402). Атасы Мурат Iнин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан ж-а Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389–90). Египеттеги ички келишпестиктерди чебер пайдалануу м-н Сивас султандыгынын жерлерин, Жанык ж-а Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг ш-ларын өз ээлигине кошкон. 1389-ж. Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Б. I жетектеген түрк аскерлери 1393–96-ж. Болгарияны, Македонияны ж-а Фессалияны басып алып, кийин Балкан ж. а-на түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394–1401-ж. Б. I Константинополду камоого алган. 1396-ж. сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалап, бул жеӊиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-ж. Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери м-н болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (к. Анкара салгылашы) жеӊилип, туткунда курман болгон.