БАЯНДАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯНДАМА – ар кандай саясий, социалдык, экономикалык, маданий, эл аралык, аскердик, спорттук ж. б. окуялар менен көрүнүштөрдү талдап кароочу гезит-журнал макаласы. Ал мезгилдүү басма сөз пайда болгондон мурда эле колдонулуп келген. Аны Плутархтын тексттеринен (1–2-кылым), кытайлык Ван-Ан-Хинин (2-кылым) дидактикалык Баяндамаларынан, Монтендин (16-кылым) «Тажрыйбаларынан» ж-а Луис Себастьян Мерсьенин (18-кылым) «Парижди баяндоо» аттуу китебинен табууга болот. Азыркы учурдагы Баяндама – радиоуктуруу жана телекөрсөтүүдө өзүнчө рубрика. КТР, «Замана», «5-канал», «НБТ», «Пирамида» телеканалдары боюнча «Ала-Тоо», «Апта», «Жаӊылыктар убактысы» («Время новостей»), «Спорт мозаикасы» ж. б. маалыматтык-талдоо программалары аркылуу ар кандай Баяндамалар берилип турат.